Эрзурумда 80 качкын кармалды

Кармалган кишилердин Афганстан жана пакистандык экендиги билдирилди.

926067
Эрзурумда 80 качкын кармалды

Эрзурумда мыйзам тышы жолдор менен өлкөгө кирген афганстандык жана пакистандык 80 качкын кармалды.

Облустук коопсуздук директорлугунун тартипти түзүү жана коррупция, уюмдашкан кылмыштар менен күрөшүү топтору  Эрузум  - Агры кургактык жолу Карскапы шейиттигинин жакынында жөө бара жаткан топтун бар экендигин кабар алды. Бул аймактарга барган топтор 68 афган жана 12 пакистандыкты кармады.

Шаардын борборундагы Гүржүкапы жана Гөлбашы полиция борборлоруна автобустар менен алып келинген качкындарга чай жана тамак берилди.

Түркиянын ар башка облустарына баруу үчүн Ирандан мыйзам тышы жолдор менен өлкөгө киргендиги белгиленген качкындар Ашкале районундагы кайра кайтаруу борборуна алып барылды.



Тектеш кабарлар