Бинали Йылдырым Анкарада журналисттердин күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берди

Йылдырым Сириянын Чыгыш Гута аймагындагы абалдарга да токтолду.

926451
Бинали Йылдырым Анкарада журналисттердин  күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берди

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Ирактын түндүгүндө уя салган ПКК жикчил террордук уюмга карата ыктымалдуу бир операция үчүн борбордук өкмөт менен байланышта экендигин айтты. Премьер  - министр Бинали Йылдырым борбор шаар Анкарада журналисттердин  күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берди. Түндүк Ирак аймагында  муктаждык болгон учурда операциялардын жүргүзүлгөндүгүн эске салган Йылдырым : «Сирияда да түрк куралдуу күчтөрү оболу Евфрат калканынан (2016) кийин Африн аймагында «Зайтун бутагы» операциясын жүргүздү. Муктаждык болгон учурда операциялар жүргүзүлүүдө. Ирак өкмөтү менен да жакын байланыштабыз. Террордук уюм ДЕАШ жана жикчил террордук уюм ПККнын жок кылынышы үчүн алдыбыздагы мезгилде дагы жакын кызматташтыкты түзөбүз деп ойлойм»,- деди.

Премьер  - министр Йылдырым Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Саясат академиясында  сүйлөгөн сөзүндө да «Зайтун бутагы» операциясынын аймакта коопсуздукту куруу үчүн жүргүзүлгөндүгүн белгилеп : «Кээде чечүүчү жол процесси деп айтышууда, чечүүчү жол жок. Чечүүчү жол террордук уюмдун бул жерлерден жок болуп кетиши. Мындан башка чечүүчү жол жок»,- деди. Түркиянын Сирия маселесинде туруктуу бир саясий чечүүчү жол каалагандыгын айткан Йылдырым Сириянын Чыгыш Гута аймагындагы абалдарга да токтолду.

Йылдырым : «Кээ бир досторубуз ичи бош жалган геноцид жалаалары менен алектенгендин ордуна Чыгыш Гутада болуп жаткан мыкаачылыкты көрүшү керек. Чыгыш Гутада аялдар, чүргөктөгү балдар өлтүрүлүүдө. Чыгыш Гутада адамзаттык чоң бир кылмышта курмандыкка чалынууда. Кечээ Иерусалимди кандай жактаган болсок бүгүн да Чыгыш Гута калкынын жана күнөөсүз кишилердин  жанында болобуз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар