Венада Юнус Эмре институту

Германиядагы жолугушууларынан кийин Австриянын борбор шаары Венага барган министр Чавушоглу, бул жерде ачылыш аземине катышты.

925297
Венада Юнус Эмре институту

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу: «Учурда дүйнөнүн бардык жеринде Юнус Эмне институтунун же Түрк маданий борборлорунун санын көбөйтүү үчүн аракеттерибиз уланып жатат. Анткени биз Юнус Эмре институттарын алар иш алып барган өлкөлөр менен өлкөбүздүн ортосунда байланыш жана достук көпүрөсү катары көрөбүз»,-деди.

Германиядагы жолугушууларынан кийин Австриянын борбор шаары Венага барган министр Чавушоглу, бул жерде Юнус Эмре институтундагы ачылыш аземине катышты.

Чавушоглу ачылыштагы сөз сүйлөөсүндө, Венада 2015-жылдан бери кызматтарын жана иш-чараларын уланткан Юнус Эмне институтуна мактоо менен байкоо салгандарын белгилеп: «Юнус Эмре институтунун Түрк маданий борборунун расмий ачылышын сиздер менен чогуу ишке ашырып жатканыма абдан кубанычтамын»,-деди.

Венадагы Юнус Эмре институту тарабынан Австрияда ушул күнгө чейин 248 студентке түркчө билим берилген болушуна кубанганын айткан Чавушоглу, бул мекеменин түркчө сабактар менен катар ар түрдүү иш-чаралар аркылуу атак-данк алып келгенин белгилеп, мекеменин кызматкерлерин куттуктады.

Чавушоглу Вена сыяктуу көркөм өнөр жана маданиятка бай шаарда улантылып жаткан иш-чаралардын саны жана сапаты жагынан дагы жогорку деңгээлдерде болушу керектигин, Венадагы Юнус Эмре институтунун бул ийгиликти ортого салаарына ишенгенин билдирди.



Тектеш кабарлар