«Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында Африн аймагы террористтерден тазаланууда

Аянттагы Анадолу агенттигинин кабарчысынын билдиргенине караганда Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана Эркин Сирия армиясы (ЭСА) Африндин түндүк-батышындагы Ражу жергесинин чыгышындагы Хажы Халил айылын террористтерден тазалады.

922370
«Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында Африн аймагы террористтерден тазаланууда

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылында жок кылынган террорист саны 2612ге жетти.

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясына караганда «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында бүгүн кургактык жана абадан жүргүзүлгөн операцияларда террор уюмдары ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка таандык 96 террорист жок кылынганы белгиленди.

Колдонулган курал жана ок-дары менен катар бардык иш-аракеттердин Куралдуу кагылышуу укугуна ылайык жана мыйзамдуу платформаларда жүргүзүлгөнү белгиленген маалыматтандырууда, «Зайтун бутагы» кыймылы башталгандан бери ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка таандык 924 бутанын абадан жүргүзүлгөн операция менен таш талканы чыгарылганы жарыяланды.

Жарыяда кыймылдын 20-январда башталганынан бери жок кылынган террорист санынын 2612ге жеткени маалымдалды.

Аянттагы Анадолу агенттигинин кабарчысынын билдиргенине караганда Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана Эркин Сирия армиясы (ЭСА) Африндин түндүк-батышындагы Ражу жергесинин чыгышындагы Хажы Халил айылын «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында ЙПГ/ПКК жана ДЕАШ террордук уюмдарынан куткарды.

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана Эркин Сирия армиясы (ЭСА) бөлүктөрү кечээ Африндин Ражо районунун борборун террористтерден тазалаган.

ТКК жана операцияны колдогон ЭСА күчтөрү, кыймыл башталгандан бери ЙПГ/ПКК жана ДЕАШтын басып алуусу астындагы Афринде 2 район борбору, 98 айыл, 6 айылдан аз отурукташуу жана 21 стратегиялык тоо же дөбө, бирөө ЙПГ/ПККга таандык база болуп 128 жерди каратып алды.

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясына караганда «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында террор уюмдары ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка таандык террористтерди жок кылууга карай кургактыктан жана абадан жүргүзүлгөн операциялар уланып жатат.

 



Тектеш кабарлар