Түркияга жалган жалаа жапкандар өздөрүнүн уятка толгон тарыхтарын карашы керек

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым, Анкара Соода палатасында сөз сүйлөдү.

919718
Түркияга жалган жалаа жапкандар өздөрүнүн уятка толгон тарыхтарын карашы керек

Премьер-министр Бинали Йылдырым бүгүн Түркияга 1915-жылдагы окуяларды сурагандардын бурулуп өздөрүнүн уятка толгон тарыхтарын карашы керектигин айтты.

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым, Анкара Соода палатасында сөз сүйлөдү.

Йылдырым, Түркиянын бир тараптан өсүү жана өнүгүү, атуулдарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу менен жаштарынын жана аялдарынын жумуш менен камсыздалышын орундатуу аракетин кылып жатканда, экинчи тараптан да коопсуздук күрөшүн жүргүзүп жатканын белгиледи.

Улуттук максаттарынын өлкөнүн келечеги үчүн айрым нерселерден баш тартып, ынтымактуу болуунун шарт экенин көрсөтүп турганын белгилеген Йылдырым: «Бизди ынтымакташтыра турган нерсе эмне? Желегибиз, мамлекетибиз, улутубуз жана 780 миң чарчы километр мекендин территориясы болуп саналат. Булардан башкалары байлыктарыбыз. Мындайча айтканда араб, күрт же башка этникалык топтон болууга биз чечим чыгарбайбыз, бирок бизди бириктирген баалуулуктарыбыз, бул жерлерде бизге кылымдар бою өкүмдардык кылдырган баалуулуктарыбыз».

Голландиянын өкүлдөр палатасынын өткөн аптада 1915-жылдагы окуяларды жалган геноцид катары тааныган токтомун да сынга алган Йылдырым, «Бүгүнкү күндө бизге сабак берүүгө аракет кылышууда, «жалган геноцид» менен бизди жоопко тартууга аракет кылууда. «Армян геноциди, 1915-жылдагы окуялар»деп. Сиз оболу бизге муну сураганадн көрөк бурулуп, уятка толгон тарыхыңызды бир карап көрүңүз. Колониялизм, геноцид, кыргын сиздин өтмүшүңүздө бар. Алгач ошол өтмүштөгү ыпылас иштерге жооп бергиле, ошондогу кул соодасы үчүн жооп бергиле. Көп жылдар бою эзип келген өлкөлөр үчүн жооп бергиле. Көзүңөрдү ирмебестен кыргынга учураткан миллиондогон адам үчүн жооп бергиле, андан кийин келип бизге ушундай жасалма сабак берүүгө аракет кылгыла»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар