Африн аймагы террористтерден тазалангандан кийин айфриндиктер үйлөрүнө кайтат

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Кожаелидеги Гөлжүк кеме чыгаруучу жайдын командирлигинде өткөрүлгөн "Муратрейис" суу астынан сүзүүчү кеменин алгачкы темир ширетүү аземинде сөз сүйлөдү.

917847
Африн аймагы террористтерден тазалангандан кийин айфриндиктер үйлөрүнө кайтат

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Сириянын Африн аймагы толугу менен ПКК/ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШ террористтеринен тазалангандан кийин үйлөрүнөн, жерлеринен кетүүгө мажбур болгон Түркияга баш калкалаган 350 миңдей африндиктин жерлерине кайта турганын айтты.

Өкмөт башчы Йылдырым, Кожаелидеги Гөлжүк кеме чыгаруучу жайдын командирлигинде өткөрүлгөн "Муратрейис" суу астынан сүзүүчү кеменин алгачкы темир ширетүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын аймагында бир гана өзүнүн жеринин бүтүндүгүн, чек араларынын коопсуздугун, атуулдарынын жан жана мүлк коопсуздугун камсыздап эле тим болбогонун, аймактагы ыраатсыздыктардын да жоюлушу үчүн маанилүү салым кошконун айтты.

Йылдырым өткөн жылы ишке ашырылган «Евфрат калканы» операциясы менен 2 миң чарчы чакырымдан ашык аянттын, ДЕАШ, ПЙД, ЙПГ, ПКК жикчил террор уюмдарынан тазаланганын жана бүгүнгө чейин 140 миң кишинин үйлөрүнө кайтып аймакка жайгашканын билдирди.

Йылдырым буларды айтты: «Аймакты 7 жылдан бери согуш менен чоң баш аламандыкка түрткөн, «аймакка ырааттуулук алып келем» деп кудум эле чабуулдар долбоору болгон империалисттик күчтөр аймакта Сирияга да ырааттулук алып келген жок жана аймактагы адамдардын дартына дарман боло турган олуттуу кадам дагы таштаган жок. Мунун жалгыз бир өзгөчөлүгү бар; ал да Түркия болуп саналат...Керек болсо ДЕАШ менен керек болсо жикчил террор уюму менен чыныгы түрдө күрөшкөн өлкө Түркия болду».

«Евфрат калканы» кыймылы менен ДЕАШка мүчө 3600 террорист жок кылынганын белгилеген өкмөт башчы, эми болсо Түркиянын түштүк чек араларына багытталган кол салууларды соңуна чыгаруу, атуулдардын жан жана мүлк коопсуздугун камсыздоо, бир тараптан Афринде жашаган орто эсеп менен 500 миңге жеткен араб, күрт, түркмөн жана башка этникалык топторду жикчил террор уюмунун зулумдугунан куткаруу үчүн «Зайтун бутагы» кыймылынын баштатылганын эске салды.

Келип жеткен жерде аянттын террор уюмдарынан айылдары, отурукташкан жерлери менен кошо бир-бирден тазаланганын белгилеген Йылдырым: «Буюрса ПКК,ЙПГ,ПЙД, ДЕАШ толугу менен аймактан тазалангандан кийин үйлөрүнөн, жайларынан кетүүгө аргасыз болгон жана Түркияда конок кылганыбыз 350 миңдей африндик туугандарыбыз жерлерине кайтат, ал жерде тынчтыкта жашоолорун улантышат»,-деди.

Премьер-министр Йылдырым, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Кожаелиде кезектеги 6-Облусттук конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө да, Түркияны коргоо муктаждыгы келип чыкса, бул өлкөнүн эркиндигине, келечегине каршы кандайдыр бир мыкаачылык болсо, анда 81 миллион атуулдун жапырт чабуулга өтө турганына токтолду.



Тектеш кабарлар