Сирия режими менен ПЙД/ЙПГ макулдаша алган жок

Бекир Боздаг күн тартипке байланыштуу маалымат берди.

915882
Сирия режими менен ПЙД/ЙПГ макулдаша алган жок

Вице-премьер жана өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг, Сирия режими менен жикчил террордук уюм ПККнын аймактагы уландысы ПЙД/ЙПГнин Африн үчүн соодалашканын бирок макулдаша албаганын айтты.

Бекир Боздаг Анадолу агенттигинде күн тартипке байланыштуу маалымат берди.

Түркиянын аймагындагы террордук уюмдарды жана булардын террористтерин тазалаганга дейре күрөшүүсүн уланта турганын белгилеген Боздаг: «Эгерде ал жерде (Африн) режим өз кийимин алмаштырып ЙПГ/ПЙД кейпинде ал жерге кирсе, алар бута болот. Согушкерлер кирсе, алар да айырмаланбайт. Бул террордук уюмдардын жанында Түрк куралдуу күчтөрүнө каршы ким күрөшсө алар биздин маңдайыбызда бута болот»,-деп айтты.

Боздаг режим менен ЙПГ/ПЙДнин ортосунда Африн үчүн жүргүзүлгөн соодалашуунун келишпестик менен жыйынтыкталгандыгы жөнүндөгү маалыматты да бөлүштү.



Тектеш кабарлар