Эрдоган менен Руханинин сүйлөшүүсү

Эрдоган ирандык кесиптеши Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

913821
Эрдоган менен Руханинин сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын телефондогу дипломатиясы уланууда...

Эрдоган ирандык кесиптеши Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Эки лидер Африн жана Идлиб баш болгон Сирия маселесиндеги акыркы абалды сүйлөшүштү.

Эрдоган жана Рухани террор элементтерине карай күрөшүүдө кызматташтыктын маанисине басым жасады.

Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка караганда, президент Эрдогандын Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагында улантып жаткан «Зайтун бутагы» кыймылы туурасында маалымат бөлүштү. Эки лидер Сирия маселесине чечүүчү жол табууга карай аракеттердин алкагында Астана процесси жана Сочи Конгрессине да токтолду.

Президент Эрдоган, сүйлөшүү убагында кечээ  Иранда бир жүргүнчү учагынын кырсыкка учурашынын себебинен каза болгондор үчүн Руханиге жана бүтүндөй Иран калкына кайрат айтты.

Президент Эрдоган кыска мөөнөт мурда Орусиянын президенти Владимир Путин менен да телефондо сүйлөшүү өткөрүп, эки кесиптеш Сириядагы абалдарды талкуулашты.



Тектеш кабарлар