Эрдоган менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө башта Африн жана Идлибде болгон Сириядагы акыркы абалдар каралды.

913738
Эрдоган  менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттиктин булактарынан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө башта Африн жана Идлибде болгон Сириядагы акыркы абалдар каралды. 

Президент Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүнүн Африн аймагына карата жүргүзгөн "Зайтун бутагы" операциясына байланыштуу маалымат берген сүйлөшүүдө террор менен күрөш тууралуу кызматташтык ичинде кыймыл кылууну улантуу чечкиндүүлүгү такталды. 

Эрдоган  - Путин сүйлөшүүсүндө Идлибде келишпестиктерди азайтуу аймагында жаңы  байкоочу жерлерди куруу процесси тууралуу маселелерге да токтолушту. Эки лидер эки тараптуу жана аймактык темаларда жакын байланышта болууну улантуунун мааниси да баса белгиленди. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар