АКШнын берген убадаларына эмес, кылгандарына карайбыз

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган партиясынын Анкарадагы кезетеги 6-Конгрессинде сөз сүйлөдү.

912972
АКШнын берген убадаларына эмес, кылгандарына карайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын берген убадаларына эмес, кылгандарына карай тургандарын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган партиясынын Анкарадагы кезетеги 6-Конгрессинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган, сөзүндө АКШнын ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГга мүчө террористтерди колдобой тургандарын жана Сириянын Менбич аймагын таштап кете тургандарын дайыма айтып, бирок бул убадаларын аткарбаганына басым жасады.

Эрдоган: «Сөз албетте маанилүү, баалуу болуп саналат. Биз негизинен натыйжасын карайбыз. Негизинен аянтта эмне болгонун карайбыз. Сүйлөшөбүз дагы жана аянттагы операцияларды дагы улантабыз»,-деп айтты.

Африндеги «Зайтун бутагы» кыймылынын ийгиликтүү уланганын белгилеген Эрдоган: «ПККсы да, ДЕАШы да, ПЙДсы да бардыгы көмүлө баштады. Биз эмне дедик эле, буларды казган чуңкурларына көмөбүз дегенбиз. Көмүшүбүздү да улантабыз. Же бул жактарды таштап кетишет же болбосо куралдарын таштап, жерге көмүшөт»,-деп айтты.

Түркиянын чынчыл түрдө актуалдуу маселелерди тынчтык жолу менен, дипломатия менен чечүүнү жактаганын айткан Эрдоган: «Террор уюмдарын колдоого алуудан баш тартылсын. Биз АКШга айтканбыз. Кел Раккага чогуу кирели. Стратегиялык өнөктөшпүз, бирок унутпагыла террор уюму ПЙД, ЙПГ менен бирге кыймыл кылсаңыз, бир террор уюму башка бир террор уюму менен бирге жок кылынбайт. Аларга «тарых сизди муну менен эскерет»дедик. Террористтерге тапшырылган миңдеген фуралык жана учактарга толгон куралдар, берилген билим берүүлөр четке кагылбасын. Бул саясаттан да баш тартылсын. Булардын бардыгы эми каттообузга алынды»,-деди.



Тектеш кабарлар