Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кувейтте

Тышкы иштер министри Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Могерини менен жолугушту.

910370
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кувейтте

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кувейтте Европа Биримдигинин тышкы карым – катнаштар жана коопсуздук саясаттын жогорку өкүлү Федерика Могерини, Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин, Босния Герцеговинанын тышкы иштер министри Игорь Кранадак жана Венгриянын тышкы жана тышкы соода министри Петер Сжижарто менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка ылайык «ДЕАШ менен күрөшүү эл аралык коалициянын тышкы иштер министрлеринин жыйыны» жана "Ирактын кайрадан курулушу" эл аралык конференциясына катышуу үчүн Кувейтке барган Чавушоглу Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Могерини менен жолугушту.

Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштары менен бирге Сириядагы абал каралган жолугушууда апрель айында Брюсселде өткөрүлө турган «Сириянын келечеги» деген темада конференциянын даярдыктары да сөз болду. Мевлют Чавушоглу өзгөчө Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин, Босния Герцеговинанын тышкы иштер министри Крнадак жана Венгриянын тышкы жана тышкы соода министри Петро Сжижарто менен да эки тараптуу жана аймактык темаларда пикир алышууларда болушту.



Тектеш кабарлар