Эрдоган менен Салман телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар жана Сирия маселеси каралды.

910161
Эрдоган менен Салман телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдүлазиз ал Сууд телефон акрылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар жана Сирия маселеси каралды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, сүйлөшүү убагында Түркиянын Сириянын Африн аймагында террор элементтерине карай жүргүзгөн «Зайтун бутагы» кыймылы туурасында маалымат бөлүштү.

Афринде террористтер тарабынан үйлөрүн таштап кетүүгө мажбурланган араб, күрт жана түркмөндөрдүн да кыймылды колдоого алгандарын белгилеген президент Эрдоган, операциялардын жергиликтүү калктын үйлөрүнө кайтуусун да кошо ала келе турганын эске салды.

Эрдоган жана Сауд Арабия королу Салман, Сириянын жеринин бүтүндүгүнө жана саясий чечим табууга маани бергендеринен сөз кылып бул темада биргелешкен аракетти жана кызматташтыкты арттыруунун пайдалуу боло турганын баса белгилешти.

Сауд Арабиянын королу Салмандын Женева процессин жана Сирия темасындагы эл аралык колдоолорун айтканына кошумча түрдө президент Эрдоган, Астана процессин жана Сочи Конгрессин Женеванын ажыратылгыс толуктоочтору катары карагандарына көңүл бурду.

Президент Эрдоган жана корол Салман, Түркия жана Сауд Арабиянын ортосундагы эки-тараптуу карым-катнаштарды дагы күчтөндүрүү жагдайындагы чечкиндүүлүктөрүн тастыкташты.

Сүйлөшүүдө премьер-министр Бинали Йылдырымдын декабрь айында Сауд Арабияга жемиштүү сапар жасаганына да токтолушту.

Президент Эрдоган жана корол Салман, мындан мурда макулдашылганы боюнча Сауд Арабиянын мураскор принци Мухаммед бин Салмандын алдыдагы процессте Түркияга жасай турган сапарынын эки тараптуу жана аймактык темаларда пикир алмашуусу жагынан чоң маани бергендерин айтышты.



Тектеш кабарлар