Президент Эрдоган Кипрдин Рум бөлүгү менен Грецияны эскертти

Эрдоган партиясынын фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

909680
Президент Эрдоган Кипрдин Рум бөлүгү менен Грецияны эскертти

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кипрдин Рум бөлүгүн жана Грецияны эскертти.

Эрдоган Рум бөлүгүнүн Чыгыш Жер ортолук деңиздеги бир жактуу газ издөө иштерине, Грециянын да Эгей деңизинде эреже бузууларына каршылык көрсөтүп, аша чаап кетпегиле»,-деди.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Жыйынында партиясынын фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөзүндө Кипрдин Рум бөлүгүнүн Чыгыш Жер ортолук деңизде Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарын тебелеп бир жактуу түрдө газ издөө иштерине, Грециянын да акыркы күндөрдө Эгей деңизиндеги жарчаларга байланыштуу эреже бузууларына каршылык көрсөттү.

Эрдоган: «Кипр жээктериндеги газ издөө жана Эгей деңизиндеги жарчаларга байланыштуу амалкөй аракеттерди көрбөй калды деп ойлошпосун. Кипрде жана Эгейде аша чаап кеткендерди, туура эмес эсеп кылбоолору темасында бул жерден эскертебиз. Түркия тарыхтан, келишимдерден жана эл аралык мыйзамдардан келген укуктарын аягына чейин жактайт»,-деди.

Эрдоган: «Биз үчүн (Сирияда) Африн кандай болсо, Эгей деңизиндеги, Кипрдеги укуктарыбыз да ошондой»,-деп айтты.

Аймактагы кырдаалга жакын байкоо салып жаткандарын баса белгилеген Эрдоган: «Согуштук кемелерибиз, аба күчтөрүбүз зарыл болгон учурда ар түрдүү чараларды көрүү үчүн жакын байкоо салып жатышат»,-деди.

 



Тектеш кабарлар