«Зайтун бутагы» операциясы уланып жатат
«Зайтун бутагы» операциясы башталгандан бери 1 миң 369 террорист жок кылынды.
908627
Түрк куралдуу күчтөрү, «Зайтун бутагы» операциясы башталгандан бери 1 миң 369 террористтин жок кылынганын билдирди.
Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда, Сириянын Африн аймагында «ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди таасирсиз кылуу, дос жана боордош аймак элин кысым жана зулумдан куткаруу үчүн 20-январда башталган «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында кечээ террордук уюмдарга таандык 15 бута талкаланды.
Операцияга катышкан учактар коопсуз түрдө базаларына кайтып келишсе, ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө дагы 103 террористтин жок кылынганы белгиленди.
Ушундайча жок кылынган террористтердин саны 1 миң 369га жетти.