Президент Бэрроу Түркияга келет

Эрдогандын чакыруусу боюнча Түркияга расмий сапар жасайт.

908511
Президент Бэрроу Түркияга келет

Гамбиянын президенти Адама Бэрроу, президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча 14-февралда Түркияга расмий сапар жасайт.

Президенттиктин Басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, сапардын алкагында Эрдоган менен Бэрроунун ортосунда бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулар өткөрүлөт.

Түркия менен Гамбиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар кеңири карала турган сапарда, аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алмашылат.

Бул сапар, Гамбия менен учурдагы жакын алакалардын дагы да бекемделишине жана тереңдетилишине салым кошот.



Тектеш кабарлар