Эрдоган-Путин сүйлөшүүсү
Түркия, Орусия жана Ирандын ортосундагы үч тараптуу жыйындын экинчиси Стамбулда өтөт.
906113
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин телефон сүйлөшүүсүндө үч тараптуу жыйындын экинчисинин Стамбулда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.
Эки лидер сүйлөшүүдө Африн жана Идлиб менен катар Сириядагы кырдаалды талкуулашты.
Эрдоган менен Путин Идлибдеги чыңалууну азайтуу аймагында жаңы көзөмөлдөө жерлеринин түзүлүүсүнүн тездетилишинде макулдашып, Астана процессине байланыштуу да пикир алмашышты.
Чыгыш Гутадагы адамзаттык абалга токтолушкан эки лидердин айрыкча Сирия маселесинде кызматташуу жана макулдашуу боюнча иш жүргүзүүгө карай чечкиндүүлүктөрүн да тастыктагандары билдирилди.
Сириядагы кырдаал каралган биринчи үч тараптуу жыйын 2017-жылдын 22-ноябрында Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлгөн болчу.