Президент Эрдоган Ватиканда Папа Франциск менен жолукту

Эрдоган үчүн алгач Апостоль сарайынын алдында расмий тосуп алуу салтанаты уюштурулду.

903926
Президент Эрдоган Ватиканда Папа Франциск менен жолукту

 

Расмий сапар менен Ватиканга барган президент Режеп Таййип Эрдоган, католиктердин руханий лидери Папа Франциск менен жолукту.

Жолугушуу бир сааттан ашык убакытка созулду.

Эрдоган үчүн алгач Апостоль сарайынын алдында расмий тосуп алуу салтанаты уюштурулду.

Президент Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган, Сан-Дамасо каалагасында Папалык резиденциясынын губернатору архиепископ Георг Гансвейн тарабынан тосулду.

Тосуп алуу салтанатынан кийин президент Эрдоган, Папа Франциск менен бетме-бет жоугушуу өтө турган залга кирди.

Папа, Апостоль сарайында конокторун тоскон Китепкана залындагы жолугушуунун алдында президент Эрдоганды каалгада тосуп алды.

«Көрсөткөн меймандостугуңуз үчүн ырахмат айтамын»,-деп айткан президент Эрдоганга, Папа да сапарынан улам ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң президент Эрдоган жана Папа Франциск, басма сөз кызматкерлеринин алдында кол алышып, өз алдынча жолугушуу боло турган Китепкана залына өтүштү.

Журналисттер кыскача видео тартып алышынан кийин, жабык эшик артында өткөн жолугушуу бир сааттай уланды.



Тектеш кабарлар