Эрдоган Ватиканда Кардинал Паролинди кабыл алды
Кабыл алуу 1 саат 10 мүнөткө созулду.
903982
Расмий сапар менен Ватиканга барган президент Режеп Таййип Эрдоган, Ватикандын мамлекеттик катчысы (премьер-министр) Кардинал Пьетро Паролинди кабыл алды.
Эрдогандын Апостол сарайында жабык эшик артында өткөргөн кабыл алуусу 1 саат 10 мүнөткө созулду.
Президент Эрдоган Ватиканга сапарынан кийин Италияга өтүп Президенттик сарайда президент Серхио Матарелла менен бетме-бет жолугат жана кесиптеши менен делегациялар аралык иш алпаруу тамагына катышат.
Президент Эрдоган Премьер-министрликтин имаратында Италиянын премьер-министри Паоло Гентилони менен жолуккандан кийин Италиянын алдыңкы ишканаларынын жетекчилери менен тамактуу жыйында бирге болот.