Ватикан сапары адамзат баалуулуктарына көңүл бурулушу жагынан маанилүү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, расмий сапар менен Ватиканга аттанаар алдында «Ататүрк» аэропортунда маалымат-жыйын өткөрдү.

903341
Ватикан сапары адамзат баалуулуктарына көңүл бурулушу жагынан маанилүү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ватикан сапарынын адамзат баалуулуктарына көңүл бурулушу жагынан маанилүү мүмкүнчүлүк болгонун айтты.

Президент  Эрдоган, расмий сапар менен Ватиканга аттанаар алдында «Ататүрк» аэропортунда маалымат-жыйын өткөрүп: «Бул сапарымды орток адамзат баалуулуктарына көңүл бурулушу, достук жана тынчтык билдирүүлөрү берилиши жагынан маанилүү мүмкнчүлүк катары көрүүдөмүн»,-деди.

Папа Фрэнсис менен боло турган жолугушууда жикчилдик менен күрөшүү темасында пикир-алмаша турганын белгилеген президент, «Жолугушууда Палестина, Кудус, Сирия, Ирак, террор менен күрөшүү, качкындардын маселелери, гуманитардык жардамдар темаларын карайбыз. Айрыкча Батыш дүйнөсүндө күчөгөн Ислам душмандыгы жана маданий жикчилдик менен күрөшүү темасында да пикир алмашабыз»,-деди.

Билдирүүсүндө Түркия-Италия карым-катнаштарына да токтолгон Эрдоган: «Соода көлөмүбүз өткөн жылы 20 миллиард долларга жакындады, бирок эки өлкөнүн потенциясы булардан бир топ жогору. 2020-жылы 30 миллиард долларга жеткирүүнү максаттап жатабыз. Сапарым убагында бул максат боюнча таштала турган эки тараптуу кадамдарды да сүйлөшөбүз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, билдирүүсүндө, айрыкча Түрк куралдуу күчтөрү(ТКК) тарабынан Сириянын Африн аймагында 16 күндөн бери жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында жок кылынган террорист санынын 935ке жеткенин белгилей кетти.

 

 



Тектеш кабарлар