Президент Эрдоган Ватиканга барат

Президент Р. Т. Эрдоган Ватиканда католиктердин руханий лидери Папа Францисктин  чакыруусу менен  4 – 5 – февралда Ватиканга расмий сапар менен барат.

902693
Президент Эрдоган Ватиканга барат

Президент Р. Т. Эрдоган Ватиканда католиктердин руханий лидери Папа Францисктин  чакыруусу менен  4 – 5 – февралда Ватиканга расмий сапар менен барат.

Президент Эрдогандын Папа менен жолугушуусунда Түркия  - Ватикан карым  - катнаштары, Иерисалим тууралуу абалдар, аймактык маселелер, Сирияда болуп жаткан адамзаттык трагедия, террор, чет элдик жана ислам душмандыгы менен күрөш сыяктуу темалар каралат.

Ватикан сапарынан кийин Римде Италиянын президенти Сергио Маттарелла менен иш алып баруу тармагында жолугуша турган президент Эрдоган премьер  - министр Паоло Гентилонини да кабыл алат.

Түркия менен Италиянын ортосунда саясий, экономикалык, коргонуу өнөр жайы тармактарында эки тараптуу кызматташтык темалары карала турган сүйлөшүүлөрдө Сирия, Иран жана Ливиядагы акыркы абалдар, Иерусалим, террор жана иретсиз миграция менен күрөш темаларында кызматташтык, Европа Биримдиги жана Түркия  - Европа Биримдиги карым – катнаштары сыяктуу эки өлкөнүн күн тартибинен орун алган жагдайлар тууралуу пикир алышууларда болушат.

Эрдогандын Рим сапарында алдыңкы италиян фирмаларынын башкаруучуларын да кабыл алышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар