Батыштык өлкөлөр жаңылыштык кылып жатышат

Ибрахим Калын CNNге макала жазды.

902228
Батыштык өлкөлөр жаңылыштык кылып жатышат

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Сириядагы жикчил террордук уюм ПКК коркунучун көрбөгөн батыштык өлкөлөрдүн тарыхый жаңылыштык кылгандарын айтты.

CNNге жазган макаласында Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында террордук уюм ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана боордош аймак элин булардын кысым жана зулумунан куткаруу үчүн баштаткан «Зайтун бутагы» операциясына баа берген Калын: «Америкалык бюрократтар тарабынан ишенимдүү шериктеш экени айтылган террордук уюм ЙПГнин, Түркиянын мыйзамдуу кадамдарына каршы жарандарды жандуу калкан катары колдонушу, Ак үйдө эскертүү коңгуроолорун чертириши керек»,-деди.

Вашингтондун баш аламан Сирия саясатынын суроо белгисин жаратканын да айткан Ибрахим Калын, Түркиянын «Зайтун бутагы» операциясынын максатынын сириялыктардын үйлөрүнө түбөлүк кайта алуулары үчүн керектүү коопсуз чөйрөнүн камсыздалышы экенин билдирди.

Президенттиктин катчысы, террордук уюм ПЙДнин Сириядагы күрттөрдү өкүлдүк кылбаганын да баса белгиледи.

Ибрахим Калын, Эл аралык коалициянын бир мүчөсү болгон Түркиянын террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүп жатканын жана шериктештери менен кызматташып террордук уюм ДЕАШка мүчө террористтердин токтотулушу, камакка алынышы жана таасирсиз кылынышы үчүн аракет кылып жатканын белгилеп: «Учурда шериктештерибиздин жикчил террордук уюм ПКК жана уландыларын бирдей карашын күтөбүз. Террордук уюм ПККнын батыштык өлкөлөргө коркунуч жаратпаганын жана бир гана Түркиянын маселеси экенин ойлоо туура эмес. Террорго каршы чечкиндүүлүк менен күрөшүү керек»,-деп сереп салды.



Тектеш кабарлар