Тышкы иштер министри Францияга каршы чыкты

Тышкы иштер министри Мелүт Чавушоглу «Зайтун бутагы» операциясына байланыштуу Франциянын каршы чыгышын сынга алды.

901447
Тышкы иштер министри Францияга каршы чыкты

Тышкы иштер министри Мелүт Чавушоглу түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШка каршы, дос жана бир тууган аймак калкын кысым жана зулумчулуктан куткаруу үчүн баштаган «Зайтун бутагы» операциясына байланыштуу Франциянын каршы чыгышын сынга алды.

Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берген Чавушоглу Афринге карата жүргүзүлгөн операция тууралуу  Франция же башка бир өлкөнүн Түркияга сабак бере албай тургандыгын айтты.

Чавушоглу : «Европалыктардын эки жүздүүлүгү бар. Сизге карап туура айтып атасың деп, артыңдан билдирүүлөрдү жасап жатышат. Биз Франция эмеспиз, Алжирди басып алгыдай. Эскертүүлөрүн да акаарат деп санайбыз. Бул басып алуу эмес. сириянын жеринин бүтүндүгүн күчтүү түрдө колдоп жатабыз. Операция Сириянын жерлерин террористтерден тазалоого карата»,- деди.

1915 -  жылдагы армян дооматтары тууралуу тарыхый чындыктарга тескери маалыматтарды берген Франциянын президенти Эммануэль Макронду  сынга алган Чавушоглу маселенин саясий эмес укуктук маселе экендиги тууралуу Франция конституциясынын чечими экендигин эске салды.

 



Тектеш кабарлар