Стамбулдун калкынын саны

Стамбул 15 миллион 29 миң 231 кишиге жеткен калкынын саны менен 129 өлкөнү артта калтырды.

901543
Стамбулдун калкынын саны

Түркиянын калкы эң көп облусу Стамбул 15 миллион 29 миң 231 кишиге жеткен калкынын саны менен 129 өлкөнү артта калтырды.

2017 – жылы 80 миллион 810 миң 525 кишиге жеткен Түркия калкынын 18, 6 пайызын Стамбулдун калкы түзгөн. Стамбул калкына 5 жылда 868 миң 764 киши кошулду. Бул мезгилде калкынын катнашы  6, 1 пайызга өсүп, 15 миллион 29 миң 231 кишиге жеткен Стамбул 201 өлкөдөн 129зун артта калтырды.

 



Тектеш кабарлар