Эрдоган - Путин сүйлөшүүсү

Эрдоган жана Путин Улуттук диалог конгрессинде болгон кээ бир маселелерге карабастан алынган жыйынтыктын маанилүү бир жетишкендик экендигине көңүлдөрдү бурду.

900796
Эрдоган  - Путин сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Орусиянын президенти Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлгөн Улуттук диалог конгресси, Сириянын Африн аймагындагы террористтерге карата «Зайтун бутагы» операциясы  жана Идлиб да болуу менен Сирия тууралуу акыркы абалдар каралып, эки тараптуу  карым  - катнаштарга да токтолушту.

Эрдоган жана Путин Улуттук диалог конгрессинде болгон кээ бир маселелерге карабастан алынган жыйынтыктын маанилүү бир жетишкендик экендигине көңүлдөрдү бурду.

Келишпестиктерди азайтуу аймагы болгон Идлибдеги коопсуздук маселелерине токтолгон эки лидер Түркиянын байкоочу жер түзүү процессин ылдамдатуу тууралуу да макулдашышты.

Президент Эрдоган «Зайтун бутагы» операциясы тууралуу Путин менен маалымат бөлүштү. Бири бирин түшүнүшүү жана кызматташтыктын маанисин баса белгилеген эки лидер Аккую ядролук күч станциясы менен орус газын Европага алып бара турган  ТүркАгым проектилерине токтолушкан сүйлөшүүдө эки тараптуу карым – катнаштарды бардык тармакта өнүктүрүү чечкиндүүлүктөрүн да такташты.

 



Тектеш кабарлар