Абадан операция жүргүзүлдү

Түрк куралдуу күчтөрүнүн террордук уюмдарга таандык буталарга карай операциялары уланып жатат.

899601
Абадан операция жүргүзүлдү

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан, Ирактын түндүгүндө кол салууга даярдангандары аныкталган террордук уюм ПККнын мүчөлөрүнө карай жүргүзүлгөн абадан операцияда террористтерге таандык 8 бута жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү террордук уюмдарга таандык буталарга карай операциялары уланып жатат.

Башкы штабдын төралыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Заб/Авашин/Басьян/Хакурк аймактарында чалгындоо жана байкоо салуу аркылуу аскердик база жана полиция пунктарына кол салууга даярдангандары аныкталган террордук уюм ПККнын мүчөлөрүнө карай абадан операцияда террористтерге таандык баш калкалоочу жай жана курал-жарак сактоочу кампалардан турган 8 бутанын жок кылынганы маалымдалды.

Операцияга катышкан учактар коопсуз түрдө базага кайтып келишти.

 



Тектеш кабарлар