Түркияда бир жуманын ичинде 819 операция жүргүзүлдү

Операцияларда 28 террорист жок кылынды.

899199
Түркияда бир жуманын ичинде 819 операция жүргүзүлдү

Түркиянын жалпысында 22-29-январь күндөрүнүн аралыгында жүргүзүлгөн операцияларда 28 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, акыркы бир жуманын ичинде коопсуздук күчтөрү тарабынан 819 операция жүргүзүлдү.

Жикчил террордук уюм ПКК менен байланышы бар 450, Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ менен байланышы бар 623, ДЕАШ менен байланышы бар 59 жана ашкере сол террористтик уюмдар менен байланышы бар 34 киши камакка алынды.

Операцияларда террордук уюмдарга таандык 14 баш калкалоочу жай жана үңкүрлөр талкаланды. Ошондой эле көп сандаган курал-жарак жана ок-дары да табылды.



Тектеш кабарлар