Афринге бет алган түрк аскерлери Идлибге да багыт ала алат

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Кожаэлидеги Жаштар тармагынын облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

898454
Афринге бет алган түрк аскерлери Идлибге да багыт ала алат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, “Зайтун бутагы» (тынчтык) кыймылы тууралуу сөзүндө түрк улутунун 15-июлдагы Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинде богону сыяктуу эми болсо Афринге бет алганын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Кожаэлидеги Жаштар тармагынын облустук конгрессинде сөз сүйлөп, Сириянын Африн аймагындагы террор элементтеринин жок кылынышы максаты менен башталган “Зайтун бутагы» операциясына токтолду.

Атуулдардын «Бизди да Афринге алып бар» деген ураандарына Президент: «Бул Африн операциясы бар эмеспи? Мына кара улут кудум эле 15-Июль сыяктуу эми Афринге бет алды»,-деди.

Муктаждык болгон учурда Афринге чогуу бара тургандарын айткан Эрдоган, Афринге бет алган түрк аскерлеринин Идлибге да багыт ала турганын айтты.

Президент Эрдоган, Африканын эң алыскы жерлеринде адамдардын кемчиликтерин жоюп, дарттарына дарман болууга аракет кылган Түркиянын өз туугандарынын айкырыктарын кантип укмаксанга сала алсын деген сөзгө басым жасап: «Террор уюмдары дүйнөнүн башка жеринде кыймыл кылганда ар түрдүү кийлигишүүгө, ар түрдүү айыптоого, ар түрдүү каршы чыгууга дуушар болот, ал эми иш Сирияга келгенде кол тийбестикке ээ болушабы?»,-деп айтты.

Түркиянын эч кимдин жерлерине көз артпаганын белгилеген Эрдоган: «Биздин жүрөк чектерибиз ичиндеги эч бир тууганыбыздын жапа чегишин, ал эмес зулумдукка учурашын карап тура албайбыз,-деди.

Президент Эрдоган, конгресстин алдында элге кайрылуусунда да “Зайтун бутагы» кыймылында ушул убакка дейре 400 чакты террористтин жок кылынганын белгилеп: «Эркин Сирия армиясы (ЭСА) жана аскерибиз болуп бардыгы 20 шейитибиз бар. Мунун беделин абдан оор төлөтөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар