Түрк куралдуу күчтөрүнүн "Зайтун бутагы" операциясы

ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмуна мүчө 394  террорист өлтүрүлдү.

898156
Түрк куралдуу күчтөрүнүн "Зайтун бутагы" операциясы
ZEYTIN DALI OPERASYONU (26).jpg

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Афринге жасаган «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмуна мүчө 394  террорист өлтүрүлдү.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта операциянын башынан бери аба күчтөрүнө таандык учактар тарабынан террордук уюмдарга таандык 340 бутанын жардырылгандыгы билдирилди. Жардырылган буталардын арасында террордук уюмдар тарабынан колдонулган баш калкалоочу жерлер, буктумалар, курал, унаалардын бар экендиги билдирилди. Жарандардын зыян тартпашы үчүн бардык чаралардын көрүлгөндүгү баса белгиленди. Маалыматта террордук уюмдун мүчөлөрү менен болгон кагылышууларда 3 аскердин шейит болгондугу, 30 аскердин да жаралангандыгы, жаралуулардын өмүрүндө коркунучтун жок экендиги билдирилди. Ошондой эле түрк куралдуу күчтөрү тарабынан колдоого алынган Эркин Сирия Арамиясынан 13 кишинин шейит болгондугу, 24 кишинин да жаралангандыгы билдирилди.

«Зайтун бутагы» операциясынын Түркиянын эл аралык мыйзамдуулуктан чыккан укуктары, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин террор менен күрөшүүгө карата өзгөчө 2005- 2014- жылдагы эки  чечими жана БУУ келишиминин 51 -  беренесинде орун алган Мыйзамдуу коргонуу укугунун негизинде Сириянын жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүү менен аткарылгандыгы кайталанды.



Тектеш кабарлар