Афринден Хатайга ракета атылды

Кол салууда каза болгон же жаралангандар болгон жок.

898048
Афринден Хатайга ракета атылды

ПЙД/ ПКК террористтери тарабынан Сириянын Африн аймагынан атылган 3 ракета Хатайдын Рейханлы жана Кырыкхан райондорунун элет жерине келип түштү.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Зайтун далы» операциясын жүргүзгөн Африн аймагынан ПЙД/ПКК террористтери аткан 2 ракета Кырыкхандын Ялангоз жана Инжирлидеги бош аянтка, 1 ракета болсо Рейханлы  районунда Бүкүлмез мааласынын жакынындагы участокко келип түштү.

Аймакка көп сандаган жандармерия, тез жардам жана өрт өчүргүч  унаалары жиберилди. Кол салууда каза болгон же жаралангандар болгон жок.



Тектеш кабарлар