Байыркы доорлордон бери түрк аскерлеринин өз эрежелери болгон

Президент Эрдоган, партиясынын жыйынында сөз сүйлөдү.

897694
Байыркы доорлордон бери түрк аскерлеринин өз эрежелери болгон

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын түндүгүндө кандайдыр бир террордук коридорго эч качан урусат бербей тургандарын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын башкы борборунда «Кеңейтилген облустук башкаруучулар жыйынында» сөз сүйлөдү.

Сөз сүйлөөсүндө Сириянын Африн аймагынын террористтерден тазаланышы максатында жүргүзүлүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясына токтолгон Эрдоган: «Түркиянын терроризмге каршы күрөшүүсүнүн алкагындагы чечкиндүүлүгүн түшүнгүсү келбегендер үчүн «Зайтун бутагы» операциясы ачык эскертүү жана иш жүзүндөгү мисал болду»,-деди.

Президент, жакында террордук уюм ПКК/ПЙД-ЙПГни кыймылдай алгыс абалга алып келе тургандарын айтты.

Түркиянын карапайым тургундардын корголушуна чоң маани бергенин баса белгилеген Эрдоган, түрк аскерлеринин күнөөсүздөрдүн корголушуна өзгөчө көңүл бөлгөндөрүн, бул темада байыркы доорлордон бери түрк аскерлеринин катуу эрежелери болгонун эске салды.

Жабыр тарткан алсыздардын укугун аягына чейин коргой тургандарын белгилеген Эрдоган: «Биз туура деп билген жолдо аягына чейин барабыз»,-деди.

Эрдоган, Түркиянын Сириянын Африндеги операциясы жалгыз гана террордук уюмдарга жана террористтерге карай экенин айтты.

Президент: «Кандайдыр бир террордук коридор түзүүнү каалагандарга жообубуз ушул, биз Сириядагы акыркы террорист жок болгонго чейин жана бул өлкө өз ээлери үчүн коопсуз жер болгонго дейре операцияларыбызды улантабыз»,-деди.

Эрдоган: «Бүгүн 7-күнүнө кирген «Зайтун бутагы» операциябызды максаттарыбызга жеткенге чейин улантабыз. Мүмбичти террористтерден тазалайбыз. Андан соң да Ирак чек арасына чейин эч бир террористти калтырбаганга дейре бул күрөшүүбүздү жүргүзөбүз. Кимде-ким терроризмге каршы болсо анын бул күрөштө бизге колдоо көрсөтүүсүн каалайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар