Сенегалдан түрк аскерлерине дуа

Сенегалдын борбор шаары Дакардагы ислам институтунун окуучулары «Зайтун бутагы» операциясына катышкан түрк аскерлери үчүн дуа кылышты.

896930
Сенегалдан түрк аскерлерине дуа

Сенегалдын борбор шаары Дакардагы Ислам институтунун окуучулары Түркиянын Афринде террордук уюмга каршы баштаган «Зайтун бутагы» операциясына катышкан түрк аскерлери үчүн дуа кылышты. Марокко королу 2 -  Хасан тарабынан 1964 -  жылы курдуртулган жана Дакардын эң чоң мечити болгон Улу мечитте чогулган окуучулар Мехметчиктин (түрк аскеринин) операциядан ийгиликтүү кайтышы үчүн Фетих сүрөсүн жана Кураандан аяттарды окушту.

Институтуттун  имамы Джибрил Соу берген маалыматында Түркиянын бүгүн ислам ааламына лидерлик кылгандыгын жана президент Р. Т. Эрдогандын мусулмандар жана күнөөсүз элдер үчүн күн  - түн дебестен иштегендигин  белгиледи.

Африка континентинин түрк улуту менен байланышынын Осмон мамлекети менен башталгандыгын да айткан Соу бүгүн да Түркиянын өздөрүнө кучак жайганын белгиледи.

Соу : «Ислам ааламы үчүн көрсөткөн аракетинен улам президент Эрдоганды лидерибиз, Түркияны мекенибиз жана түрк аскерин да өз аскерибиз сыяктуу көрөбүз»,- деди.

Ислам дүйнөсүнө тынчтык каалаган Соу : «Аллахым Түркиянын бардык кыйынчылыктарынан куткар. Түркияны улуулат, бизди да сыймыктуу түрк армиясы катары сана»,- деп дуа кылды.



Тектеш кабарлар