Түрк куралдуу күчтөрүнүн операция тууралуу маалымдоосу

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Сириянын Африн аймагындагы террор элементтерине карай ишемби күнү операция баштады.

895736
Түрк куралдуу күчтөрүнүн операция тууралуу маалымдоосу

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагындагы террор элементтерине карай ишемби күнү баштаган «Зайтун бутагы» кыймылында ушул убакка дейре 268 террорист жок кылынды.

ТККнын жарыясына караганда, «Зайтун бутагы кыймылында ушул убакка дейре эң аз 260 ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмунун мүчөсү жок ылынды»,деген маалыматка орун берилди.

Анда кыймылдын пландоо жана ишке ашырылышында бир гана террористтер эмес, буларга таандык баш калкалоочу жай, үй-жай, буктурма, курал сактоочу кампа, унаа жана шаймандар да бутага алынганы маалымдалды.

Жарыяда, операция убагында жаран/карапайым калктын зыян тартпашы үчүн ар түрдүү чаралар көрүлүп, өтө аяр мамиле кылынганы билдирилди.

Бул учурда, «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында аймактагы элементтерге кол салуу аракетин кылган дагы 8 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар