Президент Эрдоган Ватикан жана Латын Америкага барат

Эрдоган Папа Францискке ырахмат айтат.

889610
Президент Эрдоган Ватикан жана Латын Америкага барат

Президент Режеп Тайип Эрдоган 5-февралда Папа Францисктин чакыруусу боюнча Ватиканга сапар жасайт.

Эрдогандын католиктердин руханий лидери Папа Франциск менен жолугушуусунда эң маанилүү күн тартип беренеси Кудус маселеси болот.

Эрдоган, АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары деп жарыялоо жана элчилигин көчүрүү чечиминен кийин телефон сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөн лидерлерден болгон Папа Францискке, Кудус темасына карата мамилесинен улам ырахмат айтат.

Президент Эрдогандын Ватиканга сапары 59 жылдан кийин Президенттик деңгээлдеги биринчи сапар болот.

Папа Франциск 2014-жылдын 28-ноябрында Түркияга расмий сапар жасап, Президенттиктин комплексинде тосулуп алынган биринчи лидер болгон. Эрдогандын сапары ошол эле учурда жооп кайтаруу иретинде.

Президент Эрдоган Ватиканга сапарынан кийин Латын Америкага барат.

Венесуэла, Бразилия жана Парагвай да арасында болгон Латын Америка өлкөлөрүндө, экономикалык карым-катнаштар менен бирге Кудус, Сирия жана Ирак маселелери, аймактык жана эл аралык маселелер каралат.



Тектеш кабарлар