Президент Элазыгда

Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын Африн шаарындагы террористтер багынбаса аймакка операция сигналынын берилерин билдирди.

887594
Президент Элазыгда

 Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын Африн шаарындагы террористтер багынбаса аймакка операция сигналынын берилерин билдирди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын   кезектеги 6 - конгресси үчүн барган Элазыгда сөз сүйлөгөн президент Эрдоган : «Мүнбичте, Идлибде кандай опеарция жүргүзгөн болсок бир түндө күтүлбөгөн жерден Афринге да операция жүргүзөбүз жана бул да бир жумага жетпейт»,- деди.

Президент террордук уюмду Түркияда кыймыл кыла албай турган абалга алып келери менен бул жолу түштүк чек арасында террордук коридор түзүү аракетине өткөндүгүн айтты. «Идлиб операциясы менен бул коридордун батыш жагын жок кылуудабыз. Африндеги террористтер багынбаса ал жердин да ойронун чыгарабыз, муну билгиле»,- деди.

Эрдоган : «Жылан менен достошкондор жыйынтыгына да чыдашы керек. Америка өзүн өзү жыландын чукуруна таштагысы келип жатса өзү билет. Биз өзүбүз үчүн күрөшөбүз. Баарын бир жерге чогултуп  армия кургандыгын ойлогондорду Алланын уруксаты менен бир жумага жеткирбей жок кылабыз»,- деди.

Элазыгда партиясынын кезектеги 6 -  облустук конгрессинде сөз сүйлөгөн президент Эрдоган : «Кечээ Жараблустан Ел Бабга чейин ал түгүл ДАИШ террордук уюмунун мүчөсү 3 миң террористти жок кылган элек. Эртең керек болсо 3 миң террористти дагы жок кылабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар