Немрут тоосу 15 - марттан баштап конокторун тосуп алат

Түркиянын туризмде эл аралык маркаларынан болгон Немрут тоосу жыл өткөн сайын жергиликтүү жана чет өлкөлүк 91 миң 573 туристти тосуп алды.

885574
Немрут тоосу 15 -  марттан баштап конокторун тосуп алат

Түркиянын туризмде эл аралык маркаларынан болгон Немрут тоосу жыл өткөн сайын жергиликтүү жана чет өлкөлүк 91 миң 573 туристти тосуп алды.

Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданият тизмесинде орун алган Адыямандын Кахта районунун чектеринде жайгашкан Немрут тоосу коммагене королдугуна таандык 50 метр бийиктикте, диаметри 150 метр болгон дөңсөө жана чоң айкелдери менен келген туристтердин көңүлүн бурууда.

Облустук маданият жана туризм директору Мустафа Экинжи улуттук парк аянты катары коргоого алынган жана «Күндүн чыгышы менен батышы мыкты көрүнгөн жер» деп мүнөздөлгөн Немрут тоосун өткөн жылы келип көргөндөрдүн 6 миңин чет элдик туристтердин түзгөндүгүн белгиледи. Экинжи Немрут тоосунда 15 -  марттан баштап конокторун тосуп алууну улантышарын сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар