Эрдоган осмондук династиясынын мүчөлөрүн кабыл алды

Президент Р. Т. Эрдоган расмий жолугушууларынан кийин Түркиянын Париж элчилигине барды.

882803
Эрдоган осмондук династиясынын мүчөлөрүн кабыл алды

Президент Р. Т. Эрдоган расмий жолугушууларынан кийин Түркиянын Париж элчилигине барды. Бул жерде осмондук династиясынын Францияда жашап жаткан мүчөлөрүн кабыл алган Эрдоган Франция Улуттук Парламентинин Франция  - Түркия парламенттер аралык достук группасынын жетекчиси, депутат Стефан Тест жана сенаттын Түркия достук группасынын жетекчиси Жосиан Костес менен Франциянын мурунку  адилеттик министри жана Европа парламентинин мүчөсү Рашида Датини да кабыл алды.

Президент Эрдоган Франциядагы түрк коомунун өкүлдөрү жана Франция Ислам Кеңешинин өкүлдөрүн да өз өзүнчө кабыл алды. Кабыл алуу массалык маалымат каражаттарына жабык түрдө өттү.

Бир тараптан президент Эрдоган Түркиянын Париж элчилигине бара жатканда жарандар тарабынан тосулуп алынды.

 

 



Тектеш кабарлар