Президент Эрдогандын маеги

Эрдоган бүгүн бир күндүк Франция сапарынан мурда француз TF1 ve LCI каналдары менен маек өткөрдү

882212
Президент Эрдогандын маеги

 Президент Р. Т. Эрдоган Франция сапарынын Түркия  - Европа Биримдиги карым – катнаштары үчүн жаңы бир мезгил болорун айтты. Эрдоган бүгүн бир күндүк Франция сапарынан мурда француз TF1 ve LCI каналдары менен маек өткөрдү. Маалыматында Франция менен жакшы карым – катнаштарга көңүлдөрдү бурган президент Эрдоган баш калкалоочу маселеси, террор менен күрөш жана Жакынкы Чыгышта болуп жаткан абалдар тууралуу баа берди. «Франция сапарыңыз Европа менен кайрадан жакындашуу максатына каратабы?»,- деген суроого Эрдоган : «Албетте бул сапардын башка бир мааниси бар»,- деп жооп берди. Эрдоган Париж сапарында коопсуздук темасынын да күн тартибине келерин белгиледи.

Сирияда Башар Асаддын кетиши тууралуу Франция менен бирдей пикирде экендерин баса белгилеген Эрдоган маалыматында өзгөчө бир террордук уюм болгон ДАИШ жана башка бир террордук уюм менен кызматташтык түзүү менен күрөшүүнүн болбой тургандыгына  көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган 2015 -  жылдагы Европага баш калкалоо жана баш калкалоочу кризисинде Түркиянын абдан чоң жоопкерчиликти алгандыгын бирок муну европалыктардан көп нерсе каалабастан аткаргандыгына да көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган өткөн жылы Түркиянын Сириянын түндүгүндө ишке ашырган Евфрат калканы кыймылын чек аранын коопсуздугу үчүн аткарышкандарын белгиледи.

Түркияда 2016 -  жылы 15 -  июлда болгон козголоң кыймылынан кийин сокку кыймылына аралашкандар тууралуу мыйзамдуу процесске да токтолгон Эрдоган Францияда козголоң кыймылынан кийин эмес, террордук кол салуулардан кийин өзгөчө кырдаалдын жарыялангандыгын билдирди.

Эрдоган жумуштан чыгаруулар тууралуу Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ мүчөлөрүнүн мамлекеттин бир топ мекемесине киргендигин жана азыр да мекемелерде бул уюмга мүчө көп сандаган кишинин бар экендигин баса белгилеп : «Германия эки Германияны бөлүү маселесинде 500 миңге жакын немисти мамлекеттик мекемелерден чыгарды. Эч ким андан сөз кылган жок. Франциядагы өзгөчө кырдаал азыр да улантылууда»,- деди. Журналист деген ат менен кээ бир кишилердин да террордук уюмдарга кошулгандыгына көңүлдөрдү бурган Эрдоган : «Террордук кыймылдын ичине кирген журналист да болсо жөн койолубу? Булардын эч бири,  журналист деп аталган бул кишилер жазууларынын айынан эмес, булардын кээ бирлери тилекке каршы уруксаты жок курал алып,  кээ бирлери да банкоматтан акча уурдап жатат, кээ бири да өлүм окуяларына аралашууда. Анан бул кишилерди эркин койо берүү мүмкүнбү?»,- деди.



Тектеш кабарлар