Ислам дүйнөсүн дайыма батыш өлкөлөрү баш аламан кылат

Кимдир бирөөлөрдү жалгыздыкка түртүүнү каалагандар өздөрү жалгыз калышат

882365
Ислам дүйнөсүн дайыма батыш өлкөлөрү баш аламан кылат

Президент Эрдоган, Ислам дүйнөсүн дайыма батыш өлкөлөрүнүн баш аламан кылгандардын айтты.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Францияга аттанаар алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортундагы билдирүүсүндө, Ирандагы нааразылык акцияларына токтолду.

Эрдоган, Ирандын президенти Хасан Руханинин дароо жарыялаган демократиялык билдирүүсү элдик көтөрүлүштүн басаңдатылышында чоң салымы болгонун баса белгиледи.

Түркиянын темага байланыштуу көз карашы жөнүндө да Эрдоган: «АКШ жана Израиль менен катар батыш өлкөлөрүнүн Иран жана Пакистандын ички иштерине кийлигишүүсүн туура көрбөйбүз. Бул, өлкөлөрдүн элдерин кайраштырганын билдирет. Муну Иракта көрдүк»,-деди.

Иракта жана Сирияда, АКШ менен бирге батыш өлкөлөрүнүн элдерди кайраштыргандарын баса белгилеген Эрдоган, бул аймакта баш аламандыктын көптөгөн жылдарга созулганын белгиледи.

Эрдоган: «Ливия, Тунис, Судан, Чад бардыгы окшош. Баш аламандык кылынган өлкөлөр дайыма Ислам өлкөлөрү болот. Бул өлкөлөрдүн өздөрүнө таандык баалуулуктары бар. Бул чындыктарды бүткүл адам баласы билиши жана көз караштардын өзгөрүүсү керек. Акыры көз караштар өзгөрөт жана кимдир бирөөлөрдү жалгыздыкка түртүүнү каалагандар өздөрү жалгыз калышат»,-деди.



Тектеш кабарлар