Түркия Иранга жумуртка экспорттойт

Жумуртка өндүрүүчү борбор биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Хасан Коня Ирандан жумуртка талабынын келгендигин белгиледи.

881926
Түркия Иранга жумуртка экспорттойт

Жумуртка өндүрүүчү борбор биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Хасан Коня Ирандан жумуртка талабынын келгендигин белгиледи.  Жумуртка талабынын өздөрүнө Иран элчилиги тарабынан билдиригендигин баса белгилеген Коня : «Иран элчиси чалып, өлкөдөгү куш тумоосуна байланыштуу жумуртка бааларынын артышы менен жардам талабын билдирди. Биз да жардам бере аларыбызды айттык. Эки жума мурда  жумуртка экспортун баштадык»,- деди.

Иранда куш тумоосунан улам жумуртка өндүрүүдө олуттуу маселелердин чыккандыгын, өлкөдө 70 пайызга жакын тооктун  жок кылынгандыгын билдирген Коня ушуга карата жумуртка бааларында өсүүнүн болгондугун билдирди.

Ирандан олуттуу катнашта жумуртка талабынын келгендигин белгилеген Коня өлкөдө жумуртка бааларында болгон кризистин 5 – 6  айга чейин улантыларын айтты.  Коня  Түркия катары Жакынкы Чыгышка 2 миң фурага жакын жумуртка сатуунун пландалгандыгын жарыялады.



Тектеш кабарлар