Туристтер Түркияга кайтып келишти

Түркияга орустар менен бирге булуң өлкөлөрүнөн да туристтердин келгендиги белгиленди.

881843
Туристтер Түркияга кайтып келишти

Британияда жарыяланган Financial Times гезити Түркияда 2016 -  жылдагы террордук кол салуулар жана Фетуллахчы террордук уюмдун козголоң кыймылынан кийин туризм секторунун кайрадан жандангандыгын жазды. Гезит батыштык туристтердин Түркияга толугу менен кайтпагандыгын, бул боштукту орус жана жакынкы чыгыштыктардын толтургандыгын белгиледи.

Түркиянын 2014 -  жылы 36 миллион туристти тосуп алуу рекордун белгилегендиги эске салынган кабарда булар билдирилди : «2016 – жылы бул сан акыркы он жылдын эң төмөнкү саны болгон 25 миллионго түштү. Бирок 2017 – жылдын акыркы маалыматтары болсо бул сандын азыркы учурда 32 миллионго жеткендигин көрсөтүүдө. Жандануу террор коркутуусунун азайышынан кийин ишке ашты».

Түркияга орустар менен бирге булуң өлкөлөрүнөн да туристтердин келгендиги белгиленген кабарда рекорддук санда ирандык туристтердин да эс алуусун Түркияда өткөргөндүгү белгиленди.  Кабарда өкмөттүн туризмге берген колдоосунун да жогорулоодо үлүшү бар экендиги айтылды.



Тектеш кабарлар