Ирандагы нааразылык акцияларын эки гана киши колдоду

Анкарада журналисттер менен жылдын акырындагы баа берүү жыйналышында жолуккан Чавушоглу, Иранда митингдердин тез арада токтотулушун жана ырааттуулуктун тез арада кайра калыбына келишин каалагандарын белгилеп өттү.

881062
Ирандагы нааразылык акцияларын эки гана киши колдоду

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ирандагы нааразылык акцияларды болгону (Израилдин премьер-министри Беньямин) Нетаньяху менен (АКШнын президенти Дональд) Трамп колдогонун айтты.

Анкарада журналисттер менен жылдын акырындагы баа берүү жыйналышында жолуккан Чавушоглу, Иранда митингдердин тез арада токтотулушун жана ырааттуулуктун тез арада кайра калыбына келишин каалагандарын белгилеп өттү.

Иранды сынга алган өлкөлөрдүн чынчыл жана кош стандарттуулуктан алыс болуулары керектигин белгилеген Чавушоглу, демократияны оозунан түшүрбөгөндөрдүн 2013-жылы Египетте болгон төңкөрүшкө колдоо көрсөткөндөрүн айтты.

Чавушоглу, Ирандын президенти Хасан Руханинин калктын тынчтыкчыл митинг өткөрүү укугун колдонуп жатканда мыйзамдардын тебеленбеши керектиги жөнүндөгү билдирүүсүн оң деп тапкандарын белгилеп, чыр-чатактардын тез арада токтошун каалагандарын айтты.

Тышкы иштер министр, Ирандагы окуяларга эки гана киши колдоо көрсөткөнүн, булардын да Нетаньяху менен Трамп экенин айтты.

Иранга тыштан кийлигишүүлөргө каршы болгондорун баса белгилеген Чавушоглу: «Иранда башкаруу алмаша турган болсо, муну Иран калкы жасайт»,-деди.

Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарына сереп салган Чавушоглу: «ЕБ, 2018-жылы Түркияны урматтоо керектигин үйрөнүп, теңтайлаш түрдө карап, баа берүүлөрүн ЕБне мүчөлүктүн алкагында жасаса карым-катнаштарыбыз дагы бекем болот. Башкаруучулук кылуу мезгили бүттү. ЕБ да муну түшүнө баштады»,деген серебин салды.

Түркиянын Германия менен карым-катнаштарды дагы жакшы жерге жеткирүүнү каалаганын айткан Чавушоглу: «6-январда Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль менен жолугам. Биздин Германия менен эч бир маселебиз жок. Германия жана айрым өлкөлөрдүкү бар, бизге эмне маселе экенин айтышы керек»,-деп айтты.

Министр Чавушоглу айрыкча, «Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнейсл чалды, карым-катнаштарды оңдоону каалагандарын айтты. Стамбулдагы Бүйүкадага чакырдык, сүйлөшөбүз»,деген маалыматты бөлүштү.

2017-жылдын Анкара-Вашингтон багытында маселелүү жыл болгонун баса белгилеген Мевлүт Чавушоглу, «Булардын бардыгына карабастан АКШ, НАТО шериктешибиз. Карым-катнаштарыбыздын жакшы болушу керек, бирок бул АКШга байланыштуу. Бизге жаңылыштык кылышса анын астында калбайбыз»,-деди.

Афринге күтүлбөгөн операция жасала ала турганын айткан министр Чавушоглу: «Түрк армиясы катары буга даяр жана талапкер экенибизди айта кетейин»,-деп айтты.

Ирактын Күрт аймактык башкаруусунда 25-сентябрда болгон мыйзамсыз көз карандысыздыкка карай референдумдан кийин Түркиянын аймактагы маселенин чечилүүсүндө активдүү роль ойногонун айткан Чавушоглу, Түркиянын ар түрдүү колдоону көрсөтө турганын айтты.

Тышкы иштер министри, Йеменде жана Катарда да Түркиянын активдүү роль ойной турганын да сөздөрүнө кошумчалады.



Тектеш кабарлар