Эрдоганга Рухани телефон аркылуу маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Рухани менен телефон акрылуу сүйлөшүү өткөрдү.

881139
Эрдоганга Рухани телефон аркылуу маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирандын коомдук тынчтык жана ырааттуулугунун корголушунун маанисин баса белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Рухани менен телефон акрылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Анда Иранда 28-декабрдан бери уланган нааразылык акцияларга токтолушту.

Эрдоган, ирандык кесиптешине элдин тынчтыкчыл митинг укугун колдонуп жатканда мыйзамдардын тебеленбеши керектиги жөнүндөгү билдирүүсүнүн таамай айтылганын белгилеп өттү.

Ирандын президенти Рухани да президент Эрдоганга кайдыгер калбагандыгы үчүн ырахматын айтып, митингдердин бир канча күндүн ичинде соңуна чыгарыла турганын ойлогондорун айтты.

Хасан Рухани, өлкөсүндө акыркы күндөрдө болгон өкмөткө каршы нааразылык акциялар темасында жаман ниеттүүлөрдүн мыйзамсыз кыймылдарына үн катпай калбай тургандарын айтты.

Ирандын Президенттигинин расмий интернет барагынан берилген билдирүүдө, телефондогу сүйлөшүүдө Рухани: «Иранда элдин мыйзамдардын алкагында сындоолорун айтып, нааразылык акцияларын өткөрүү жагынан эркин болушат. Шексиз элибиздин коопсуздугу жана тынчтыгы биз үчүн абдан маанилүү жана ошондуктан жаман ниеттүүлөрдүн күч колдонуу жана мыйзамсыз кыймылдарына үн катпай калбайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар