Премьер-министр Йылдырым Сауд Арабияда

Премьер-министр король Абдулазиз менен жолукту.

876945
Премьер-министр Йылдырым Сауд Арабияда

Премьер-министр Бинали Йылдырым расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Сауд Арабиянын борбор шаары Риядга барды.

Премьер-министр сапарынын алкагында Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз менен жолукту.

Жолугушууда Сауд Арабия менен эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана эл аралык маселелер каралды.

Йылдырым менен Абдулазиздин жабык эшик артында өткөн жолугушуусу 1 саатка созулду.

Өз алдынча жолугушуудан кийин делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө өтүштү.

Йылдырымдын андан соң мураскор ханзаада жана коргоо министри Мухаммед бин Салман менен кезигээри күтүлүүдө.

 

 

 



Тектеш кабарлар