Оолуккан Израиль аскерлери ар кимге кол салууда...

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, кечээ партиясынын кезектеги Шырнак облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

874581
Оолуккан Израиль аскерлери ар кимге кол салууда...

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия катары алгачкы кыбылабыз Кудусту баскынчылардын, канкор мыкаачылардын колуна эч качан таштап койбойбуз. Кудустун тарыхый статусунун бир буйрук менен садага чабылышына эч качан макул болбойбуз»,-деди.

Эрдоган кечээ партиясынын кезектеги Шырнак облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган, сөзүндө АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары деп таануусу жана андан кийин болгон окуяларда Израилдин күчтөрүнүн палестиналыктарга кол салууларына сереп салды.

Эрдоган, Израиль күчтөрүнүн Кудус темасында кайдыгер калбаган палестиналыктарга кудум эле террордук чабуул койгонун белгилеп кетти.

Эрдоган, митингчилерге карай ар түрдүү күч колдонгон Израиль күчтөрүнүн доун синдром менен оорган палестиналыктарга, коляскадагы майыптарга жана кичинекей кыздарга дагы кол салуудан тартынбагандарын айтты.



Тектеш кабарлар