Трамп Түркиянын демократиялык эрктүүлүгүн долларлар менен сатып ала албайт

Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер министри шейх Абдуллах бин Зайеддин билдирүүсүнө байланыштуу да катуу каршылык көрсөттү.

873213
Трамп Түркиянын демократиялык эрктүүлүгүн долларлар менен сатып ала албайт

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын демократиялык эрктүүлүгүнүн долларлар менен сатылып алынбай турганын айтты.

Президент Эрдоган Бештепеде өткөрүлгөн Маданият жана көркөм өнөр сыйлыктарын тапшыруу аземиндеги сөз сүйлөөсүндө, БУУнун Башкы Ассамблеясында өткөрүлө турган Кудус темасынын добушка коюлушуна байланыштуу мүчөлөрдү каршы добушун бергиле деп коркуткан АКШнын президенти Дональд Трампка каршылык көрсөттү.

Эрдоган: «АКШнын президенти, БУУдагы добушка коюуга байланыштуу мүчөлөрдү коркутуп жатат. Демократиянын бешиги, дүйнөдө долларлар менен сатылып алына турган эрксиздерди издеп жатат. Урматтуу Трамп, сиз Түркиянын демократиялык эрктүүлүгүн долларларыңыз менен сатып ала албайсыз. Биздин чечимибиз белгилүү. Бүткүл дүйнөгө кайрыламын. Мындай майда-чүйдө долларларга алаксып демократиялык күрөшүүңүздө эрктүүлүгүңүздү бирөөлөргө сатпаңыздар. АКШ бүгүнкү добушка коюудан пайда таппайт деп ойлоймун»,-деп айтты.

Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер министри шейх Абдуллах бин Зайеддин Фахреттин Паша жана Медина жөнүндөгү социалдык медиа тармагындагы бөлүшүүсүнө байланыштуу да: «Фахреддин Пашаны жана Мединаны коргогонун билбесек, ооз көптүргөн бирөө чыгып бизге «Эрдогандын ата-бабалары мына ушундай», кудум эле «ууру» деп айта турганчалык жаман абалга түшүп, пастык кылып, чээнден чыгат. Бул адам эмнеге эркелеп жатат? Мунай заты, колундагы акчасы менен эркелеп жатат. Менин ата-бабам Мединаны коргоп жатканда, тарбиясыз сенин ата-бабаң кайда эле? Сен оболу мунун жообун бер бизге»,-деп айтты. Стамбулдагы Топкапы сарайында Ыйык мурастар орун алган жерде 24 саат Куран окулуп ал жердин маанисине жараша аманаттарды коргоо процессинин улантыганын белгилеген президент: «Бирок бул адепсиздикти, бул акааратты кылган кишиден "Бул аманаттар эмне?" деп сурасаңыз ишенип койгула билбейт. Булар ошондой сабатсыз»,-деди.



Тектеш кабарлар