Премьер - министр Бинали Йылдырым Трампка каршылык көрсөттү

Премьер  - министр Бинали Йылдырым : «АКШнын президенти ишти чыйырынан чыгаргандай көрүнүүдө»,- деди.

873266
Премьер  - министр Бинали Йылдырым Трампка каршылык көрсөттү

Премьер  - министр Бинали Йылдырым АКШнын президенти Доланьд Трамптын БУУнун Жалпы Кеңешинде бүгүн өткөрүлө турган  Кудус  тууралуу каршы добуш берүү тууралуу коркутуусуна каршылык көрсөтүп : «АКШнын президенти ишти чыйырынан чыгаргандай көрүнүүдө»,- деди.

Борбор Анкарада Стамбул техникалык университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынында сөз сүйлөгөн Йылдырым АКШнын бир тараптуу чыгарган Кудусту Израилдин борбор шаары кылуу чечиминин Стамбулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитинде дагы бир жолу четке кагылгандыгын айтты. АКШнын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Кудус добуш берүүсүндө жалгыз калгандыгын белгилеп, бүгүн Жалпы Кеңештеги добуш берүүнү да эске салган Йылдырым : «БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги добуш берүүдө 14 Коопсуздук Кеңеш мүчөсүнүн жанында Америка жалгыз калды жана акыркы чара катары Жалпы Кеңеште Америкага каршы добуш бере тургандарды коркута турганчалык абалга келишиптир. Эгерде Америкага каршы добуш бере турган болсоңор финансылык жардам бербейбиз, акча бербейбиз дей турганчалык ишти чыйырынан чыгарыптыр. Канчалык күчтүү болсоңор болгула ар бир өлкө эгемендүү, көз карандысыз чечимин чыгара турган жөндөмдүүлүккө ээ. Күчтүү болгон бардык жерде эле туура боло бербйт»,- деди.



Тектеш кабарлар