Премьер - министр Бангаладеште

Сапарда Бангладеш менен Түкиянын ортосунда бир туугандык жана достукка таянган карым – катнаштардын кенен түрдө каралат.

871153
Премьер  - министр Бангаладеште

Премьер  - министр Бинали Йылдырым расмий жолугушуунун негизинде Бангладеште.

Борбор шаар Даккага барган Йылдырым жана коштоосундагы делегацияны Хазрат Шахджалал аэропортунда  Түркиянын Бангаладеш элчиси Деврим Өзтүрк жана башка жетекчилер тосуп алды. Премьер  - министр Йылдырым менен бирге вице  - премьер – министр Бекир Боздаг, дин иштери башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары Равза Кавакжы да Бангладешке барды.

Бангладеш премьер  - министри Шейх Хасинанын чакыруусу менен бул өлкөгө расмий сапар менен барган Бинали Йылдырымдын борбор шаар Даккада өткөрө турган жолугушуулары жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр менен башталат.

Сапарда Бангладеш менен Түкиянын ортосунда бир туугандык жана достукка таянган карым – катнаштардын кенен түрдө каралашы жана Аракан кризиси болуу менен аймактагы маселелер тууралуу пикир алышууларда болушу күтүлүүдө. Премьер  - министр Йылдырым Даккадагы жолугушууларынан кийин Бангладештин Кокс Базар аймагына барып Аракан мусулмандары жашаган лагелерди зыярат кылат.



Тектеш кабарлар