Эрдоган-Мэй сүйлөшүүсү

Эки лидер телефондо эмнени сүйлөштү?

871155
Эрдоган-Мэй сүйлөшүүсү

Президент Режеп Тайип Эрдоган Англиянын премьер-министри Тереза Мэй менен телефондо сүйлөшүп, эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Кудус темасындагы акыркы жагдайды талкуулашты.

Сүйлөшүүдө эки лидер коргоо өнөр жайы менен бирге эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун жана алакалардын бардык тармакта дагы да өнүккөндүгүнө ыраазы болгондорун бегилешти.

АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары деп тааныган чечиминен кийин башталган чыңалуунун аймакты тынчсыздандырганы сөз кылынган сүйлөшүүдө, президент Эрдоган менен Англиянын премьер-министри Мэй, тынчтык процесси үчүн эки мамлекетүү чечүүчү жолдун туура жол экендигинин Израиль өкмөтү тарабынан да билиниши керектигин баса белгилешти.

Сүйлөшүүдө АКШнын чечимине каршы даярдалган мыйзам долбоорунун БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги добушка коюуда АКШ тарабынан вето кылынганына да токтолушту.

Эки лидер аймактагы тынчтык процессин коркунучка сала турган жаңы чыңалуудан алыс турулушу жана маселенин чечилүүсү үчүн эл аралык коомчулуктун абдан аракет кылышы керектигине көңүл бурушту.

Сүйлөшүүдө Түркия-Англия карым-катнаштарынын дагы да өнүктүрүлүшү темасында макулдашылды.  



Тектеш кабарлар