«Тоскоолдуктарды ашкандар-2017» программасы

Президент Эрдоган ишкерлерге чакырык салды

861132
«Тоскоолдуктарды ашкандар-2017» программасы

Президент Режеп Тайип Эрдоган экономикада улуттук эрктүүлүктүн маанисинин дагы да артканын айтты.

Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Башкы борборунда өткөрүлгөн «Тоскоолдуктарды ашкандар-2017» программасында сөз сүйлөдү.

Сөз сүйлөөсүндө айрым чөйрөлөрдүн Түркияга көп жактуу кысым көрсөтүүгө аракет кылгандарын баса белгилеген Эрдоган, өлкөго берки кол салуулар менен бирге экономикалык жактан да кысым көрсөтүлүүгө аракет кылынган ушул мезгилде ишкерлердин жергиликтүү жана улуттук эрктүүлүктү даңазалашы керектигин айтты.

Түркиянын эркин базар экономикасына эгедер өлкө экенин белгилеген Эрдоган, Түркияда жергиликтүү жана чет элдик ишканалардын бардыгынын дүйнөлүк каржы системасына шайкеш түрдө иштеп жаткандарын жана бул ишмердүүлүктөрүн ушундай эле системанын ичинде уланта тургандарын айтты.

Бул өлкө үчүн инвестиция салган ар кимди урматтагандарын белгилеген Эрдоган, ФЕТӨ жана ПКК сыяктуу террордук уюмдар менен байланышып акчалары менен бирге бул өлкөдөгү булактарды чет өлкөгө чыгарып кеткендердин чыккынчылык кылгандарын айтты.

Эрдоган экономикага кысым көрсөтүлүүгө аракет кылынган ушул мезгилде ишкерлерди түрк экономикасына колдоо көрсөтүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар