Бир жумалык операциялар

1 миң 438 операция жүргүзүлдү

860690
Бир жумалык операциялар

Акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 32 террорист кармалды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, 27-ноябрдан 4-декабрга чейин 1 миң 438 операция жүргүзүлгөнү белгиленди.

Операцияларда 11и өлүү, 16сы тирүү, 5и багынып берген жалпы 32 террорист кармалса, көп сандаган баш калкалоочу жай да жок кылынды.

Кармалган террористтердин арасында уюмдун жалган башчылары да бар.

Операцияларда ПКК менен байланышы болгон 246, ДЕАШтык 69, Фетуллахчы террор уюму менен байланышы болгон 664 киши камакка алынды.

Кибердик кылмыштарга каршы күрөшүүнүн алкагында болсо 433 социалдык баракча иликтенип, 175 киши туурасында тергөө жүрүп жатат.

Операцияларда жалпы 4 миң 505 киши камакка алынды.



Тектеш кабарлар